БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Балыкчы — Каракол жолундагы Чок-Тал айылынын боюнда болгон жол кырсыгынан төрт адам каза тапты. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү Айнура Бейшекеева билдирди.
Эске салсак, 10-январь күнү Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунаа алгач атты, андан соң бакты сүзүп токтогону айтылган. Автоунаада төрт чоң адам жана үч бала болгон.
Каза болгондордун арасында эки жаштагы бала менен 14 жаштагы кыз бар.
"Автоунаанын ичинде жети киши бара жаткан. Алардын төртөө кырсык болгон жерде көз жумса, үчөө ооруканада жатат. Беш жаштагы бала реанимацияда, ал эми ата-энеси палатада дарыланууда", — деди Бейшекеева.