БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Бишкектеги 42 троллейбус электробуска айланат, учурда аларга батареялар орнотулууда. Бул тууралуу вице-мэр Жамалбек Ырсалиев билдирди.
Анын айтымында, 2017-жылы чыккан троллейбустарды электробуска өткөрүү ыңгайлуу. Алар Ош шаарына берилгенден кийин калган троллейбустар экени кошумчаланды.
Ошондой эле Ырсалиев быйыл мэрия жалпысынан 257 автобус сатып алууну көздөп жатканын кошумчалады.