БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Актауда авиакырсыктан жабыркаган үчүнчү кыргызстандык ооруканадан чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Оор жаракат алган Ринат Асанов Улуттук госпиталда дарыланып жаткан. Азыр анын абалы туруктуу экени айтылды. Буга чейин 8-январда учак кырсыгынан жабыркаган эки мекендеш ооруканадан үйүнө чыгарылган.
Эскерте кетсек, 25-декабрь күнү Бакудан Грозный шаарына учуп келе жаткан "Азербайжан аба жолдорунун" Embraer-190 учагы кырсыкка учурап, ичиндеги 67 жүргүнчүнүн 38и көз жумган. Аман калган 29 кишинин үчөө кыргызстандыктар эле. Алар ооруканага жеткирилип, 20 жаштагы жигиттин абалы оор деп бааланып жаткан. 30-декабрда үчөө тең Кыргызстанга алып келинип, Улуттук госпиталга жаткырылган.