БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Аксыда ур-токмоктон 51 жаштагы аял ооруканада каза болуп калганын Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-январга караган түнү саат 1:40тар чамасында Үч-Коргон айылынын 51 жаштагы тургуну көгала, эси оогон абалда ооруканага түшкөн.
"Тергөөнүн жүрүшүндө тез жардам М.А. аттуу аялды мээсине кан куюлду деген диагноз менен терапияга жаткырганы аныкталган. 10-январь күнү саат 9:22лер чамасында ал каза болуп калган. Маркумдун агасы арыз менен кайрылып, карындашынын жолдошуна карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү сураган", — деп айтылат маалыматта.
Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Ден соолукка оор залал келтирүү") менен иш козголуп, шектүү катары Аксы районунун 51 жаштагы О.Д. аттуу тургуну (маркумдун жолдошу) кармалганы кошумчаланды. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.