Бишкектеги тыгын көйгөйүн чечүү боюнча жумушчу топ түзүлдү

Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Бишкектеги тыгын көйгөйүн чечүү боюнча жумушчу топ түзүлдү. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Аталган топ үч айдын ичинде тыгындын себептерин аныктап, чет өлкөлүк тажрыйбаны изилдеп конкреттүү сунуштарды бериши керек.
Жумушчу топко тиешелүү органдардын өкүлдөрү кирип, анын ишин Бишкек шаарынын мэриясы уюштурмакчы.
Бишкек мэриясы тыгын күчөгөн мезгилде товар ташууну чектөөнү сунуштады