БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. 14-январь, шейшембиде, күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында +5...+10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +7...+12, Ысык-Көл кылаасында -1...+4 градуска чейин жылуу болсо, Нарын өрөөнүндө -5...-10 градус суук болору айтылды.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +6...+8, Ош шаарында +10...+12 градуска чейин жетет.