Билим берүү жана илим министрлиги жаш окумуштуулардын арасында сынак өткөрдү. Ага окумуштуулук даражасы бар же жок экенине карабастан 35 жашка чейинки курактагы жаш илимпоздор катышты. Анын алкагында «Жылдын эң мыкты илимий макаласы», «Жылдын эң мыкты инновациялар социалдык долбоору» жана «Жылдын мыкты жаш окумуштуусу» аныкталды.
«Жылдын эң мыкты илимий макаласы» номинациясын жеңип алган Кыязбек Асилбеков “Стимул” программасында конокто болду. Жаш окумуштуу сынактын талаптары жана илимпоздорго түзүлгөн шарттар тууралуу айтып берди.