Чет өлкөдө жүргөн эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо, шарт түзүү, социалдык кызматтарды алуу сыяктуу багыттар боюнча ЕЭКтин аянтчасында, өкмөттөр аралык да маселелер көтөрүлүп жатат. Миграцияда жүргөн жарандардын абалы, көйгөйлөрү, Элдик курултайда көтөрүлгөн маселелер боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт маалымат берди.