Республикалык компетенция борбору 2022-жылы түзүлүп, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде жайгашкан. Мектеп тамак-ашынын улуттук программасын туруктуу жана натыйжалуу ишке ашыруу үчүн ашпозчуларды, ашкана кызматкерлерин жана мектеп тамак-ашын уюштурууга катышкан кызматкерлерди окутуу жана кесиптик чеберчиликтерин жогорулатуу максатын көздөйт.
Борбор эл аралык мыкты тажрыйбаларды, акыркы технологияларды жана окутуунун заманбап ыкмаларын колдонуу менен туура тамактанууну жайылтат жана мектеп тамактарынын сапатын жогорулатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде берүүнүн коноктору айтып беришти.