Ипотеканын акчасы убагында төлөнбөсө эмне болот? – МИКтин талаптары кандай?

Sputnik
Президент Садыр Жапаров ипотекалык программа кыйла жеңилдегенин, келечекте 25 жылдык мөөнөт жана алдын ала төлөмсүз үй берүү пландалып жатканын белгилеген. Анын айтымында, быйыл 10 миңдеген үй-бүлөгө батир тапшыруу максатталып жатат. Ошондой эле ипотека алууда жаңы шарттар киргизилгенин билдирди. Ал кандай шарттар, талаптары кандай?
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын торагасынын орун басары Нурадил Баясов суроолорго жооп берди.