"Касперский лабораториясы" жасалма интеллектинин алтын доору качан болорун айтты

Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Жасалма интеллект алдыңкы 1,5-2 жыл ичинде дүйнө жүзү боюнча өзүнүн алтын доорун сүрөт. Мындай пикирин РИА Новости агенттигине Kaspersky ICS CERT компаниясынын эксперти Владимир Дащенко айткан.
"Жасалма интеллект жакынкы 1,5-2 жылда алтын доорун сүрүп, кайсы бир жагдайларда блокчейн менен криптовалютанын ийгилигин кайталайт", — деген Дащенко.
Тагыраак айтканда, Дащенко жасалма интеллект пикирлерди топтоо жана аны жайылтуу системасында интеграцияланат деп эсептейт.
"Көпчүлүгү ChatGPT чат-ботун кеңешчи катары пайдаланышат. ЖИ пикирлерди топтоп, аны жайылтуу үчүн абдан кубаттуу курал боло алат. Окшош эле суроолорго суроо берилип жаткан өлкө, аймакка карата керектүү көз карашты берүү үчүн түрдүүчө жооптор берилет деп ойлойм", — деген эксперт.
Муну менен катар эле адис бул жылы айрым өлкөлөр жасалма интеллектини иштетүүнү жөнгө салууну катталдатат деген пикирде. Айтымында, анын ичинде маалыматтарды экспорттоого тыюу салуу дагы бар.
Мындан тышкары, Дащенко киберчабуулдарды автоматташтыруу чабуулчулар тарабынан да, компаниялар тарабынан улантыларын белгилеген. Бул өз маалыматтарын коргоого багытталмакчы. Ошондой эле эксперт быйыл хакерлер киберчабуулдарда нейротармактарды активдүү колдонорун эскерткен.
"Россия Федерациясынын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарынын жасалма интеллектини ишке ашырууга даярдыгынын индекси" аналитикалык баяндамасына ылайык, россиялык уюмдар тарабынан жасалма интеллектини колдонуу деңгээли 2021-жылы 20 пайыз болсо, 2024-жылы 43 пайызга чейин өскөн.
Кыргызстанда дарыгерлер жүрөк кемтигин жасалма интеллект менен аныктай баштады