БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Түштүк-Чыгыш Норвегия университетинин профессору Гленн Дизен россиялык аскерлердин ДЭРге жакындоосунан улам Түндүк атлантикалык альянсты коопсуздук жөнүндөгү келишим боюнча Россия менен сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырган. Бул тууралуу ал X социалдык тармагында билдиргенин РИА Новости жазды.
"НАТО Россия менен Европанын бөлүнбөстүк принциптерине негизделген Европа коопсуздугу тууралуу келишимдерди түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү бүгүндөн башташы керек", — деген ал.
Ишембиде Россиянын Коомдук палатасынын суверенитет боюнча комиссиясынын төрагасы Владимир Рогов РИА Новости агенттигине орус аскерлери ДЭР менен Днепропетровск облусунун чектеш аймагына өтө тездик менен жакындап жатканын билдирген. Айтымында, каршы тарап шашылыш түрдө ДЭРдин батыш тарабындагы Богатырь-Алексеевка айылынын айланасына коргонуу линияларын орноштурууда.
Соңку жылдарда альянс Россиянын батыш тарабындагы чек арасында активдешүүдө. Москва буга тынчсыздануусун бир нече жолу билдирген. Атайын аскердик операцияны баштоого да ушул нерсе түрткү болгон. Өлкө ТИМи НАТО менен диалог курууга дайыма ачык экенин, бирок бул тең укуктуу негизде жүргүзүлүшү керектигин айтып келет. Ошондой эле бул үчүн Батыш континентти милитаризациялоодон баш тартышы кажет.