Келе жаткан жумада кар жаабайт. Кыргызстан боюнча аба ырайы

Жума этегинде гана өлкөнүн түштүгүндөгү тоолуу аймактарда кар жаайт.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет республика боюнча 18-январга чейин күтүлгөн аба ырайы божомолун жарыялады.
Ага ылайык, көпчүлүк аймактарда жума ичи күн ачык болот. Борбор калаа Бишкекте дагы жаан-чачын жаабайт.

Чүй, Талас

Аймактарда 12-18-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

Ош

Ош облусунда 12-17-январда жаан-чачын болбойт. 18-январда тоолуу райондордо кар жаап, жолдор тоңуп, тайгак болот.

Жалал-Абад, Баткен

Бул облустарда 12-16-январда жана 17-январда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. 17-январда күндүз жана 18-январда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, жолдор тайгалак болот.

Ысык-Көл, Нарын

Түндүк аймактарда жума ичи жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Өзгөрүп турат. Январга карата аба ырайы