Коррупцияга каршы жаңы мыйзам күчүнө кирип, алгачкы болуп милиционер кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Коррупцияга каршы жаңы мыйзам күчүнө кирип, анын алкагында биринчи болуп милиционер кармалганын УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Таласта ички иштер башкармалыгынын участкалык инспектору үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча текшерүүнү токтотуп бергени үчүн пара талап кылган деп шектелүүдө. Кызматкер сураган акчасынын 20 миң сомун алгандан кийин кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилгени айтылды.
Эске салсак, өлкө башчы Садыр Жапаров "Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол коюп, документ 1-январда күчүнө кирген.
Жаңы мыйзамга ылайык, коррупцияга шектелип кармалгандарга жаза күчөтүлүп, коррупциялык кылмыш боюнча соттолгондор мамлекеттик же муниципалдык кызматта иштей албайт, абактан акча төлөп кутула албайт.
УКМК мамлекеттик жана укук коргоо органдары тарабынан коррупциялык көрүнүштөр аныкталган учурда элди 03422 5-20-43, 03422 5-28-58 ишеним телефондоруна кайрылууга чакырды.
Билбей калдым дебегиле! Ташиев маморган кызматкерлерине катуу эскертүү берди