БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасынын административдик району Гонконгго жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
Визиттин алкагында минкаб төрагасы жыл сайын дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн алдыңкы эксперттерди, каржы тармагынын лидерлерин жана бизнес-өкүлдөрүн бириктирген абройлуу эл аралык иш-чара деп эсептелген Азия каржы форумуна катышат.
"Форумдун алкагында Касымалиев негизги баяндамачылардын бири катары сөз сүйлөп, эл аралык каржыга, Кыргызстандын экономикалык өнүгүү келечегине жана анын аймактык экономикалык процесстердеги ролуна байланыштуу актуалдуу маселелерди козгойт. Инвестицияларды тартууга жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулат", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Гонконгдун атайын административдик районунун башчысы, ошондой эле бир катар ири банк жана каржы институттарынын жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушуулар болмокчу. Аларда эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө, Кыргызстандын экономикасына инвестиция тартуу жана өлкөлөр ортосундагы соода алакаларынын келечеги талкууланат.