Лос-Анжелесте өрттөн каза болгондордун саны 16га жетти

Жалын аталган аймактагы 10 миңден ашык имаратты жалмаган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Калифорниянын түштүгүндөгү өрттөн каза болгондордун саны 16 кишиге жетти. Бул тууралуу NBC News телеканалына таянып РИА Новости кабарлады.
Билдирмеге караганда, жалын аталган аймактагы 10 миңден ашык имаратты жалмаган.
АКШнын Калифорния штатында токойдон чыккан өрт катуу шамалдан улам күч алып, калктуу конуштарга өткөн.
Лос-Анжелес аймагында токойлор 7-январдан тарта өрттөнө баштады. 9-январда Калифорниянын төрт жеринде өрт күчөп, Палисейдс району катуу жапа чеккен. Итон-Файр аймагында да 10 миң гектардан ашык жер өрттөнүп, 13 миң имаратка коркунуч жараткан.
Байден Калифорниядагы ири кырсыкка каршы күрөшүү режимин жарыялады