"Балдар психологдору “ар бир бала уникалдуу, өзүнчө бир дүйнө” принциби менен иштешет. Анда бир ыкма бардыгына таасир этпейт. Учурда балдар арасында тамгаларды так айта албаган көйгөй жаралды. Буга гаджеттер себеп болууда. Бала белгилүү жаш курагынан өтүп, бирок сүйлөбөй жатса психологго кайрылуу керек. Ал эми тамак жебей арыктап, төшөккө заара ушатса психологго баруунун кажети жок. Мында бала физикалык жактан өсүп, ага кандайдыр бир витамин жетпей жаткан болушу мүмкүн. Ошондуктан алгач медициналык текшерүүдөн өтүү абзел. Эгерде медицина себебин аныктай албаса, 7-8-класста деле кайталана берсе, анда психологго кайрылуу керек. Себеби ошол куракта оор эмоциялар (кубануу-ыйлоо, жакшы көрүү-жаман көрүү) пайда болот. Аларды убагында чыгарбай ичинде топтой бергендиктен энурез менен ооруп калат. Психологияда бул "түнкү көз жаш" деп айтылат. Мындан тышкары, бул курактагы балдарда көз карандылык көйгөйү да бар. Бүгүнкү күндө электрондук тамекиге, гаджеттерге көз карандылык күч алды. Муну менен ал өзүнүн чоңойгондогусун далилдегиси келет же чылымдын даамына кызыгат. Бул жагдайда үч айдан бир жылга чейин системалуу түрдө иштеп, жыйынтык чыгарабыз. Ал эми жогорку класстарда кесип тандоо, өзүн таануу маселеси боюнча кайрылгандар көп", — деди Муратбекова.