БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Чүйдө 15 жаштагы өспүрүм бала агасынын автоунаасын айдап жолго чыккан. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, жол инспекторлору эреже бузган айдоочуну байкап, токтоого буйрук беришкен. Бирок ал буйрукка баш ийбей, бир нече кооптуу абал жаратып кете берген. Видеодон инспектордун автоунаа аз жерден автобустун астына кирип кете жаздаганын айтканын угууга болот.
Унаа акыры токтоп, рулдагы өспүрүм агасынын машинасын уруксатсыз айдап чыкканын билдирген. Subaru Outback айып короого токтотулуп, балага жана анын үй-бүлөсүнө карата текшерүү иштери башталды.
ЖКККБ ата-энелерди балдарга көңүл бурууга чакырып, алар унаа айдап өздөрүнүн гана эмес, башкалардын да өмүрүнө коркунуч жаратарын эскертти.