Тема: Талантуу жана табышмактуу акын Барчынбек Бугубаев

Sputnik
Кыргыз поэзиясына өз чыйырын салып кеткен акын Барчынбек Бугубаев окурмандарга “Ак бороон”, “Адамзатка кайрылуу”, "Асман жерге созулган баян" аттуу ыр жыйнактары менен белгилүү.Бугубаев өткөн доордун 80-жылдары адабиятка келип, кийин доор алмашып, коомдун, мамлекеттин адабият менен иши болбой калган учурга туш келип, поэзияда өзүнүн чыгармачылык мүмкүнчүлүгүн толук ача албай калды.Талантуу, табышмактуу акындын тагдыры жөнүндө замандаштары кеп салып берет.