Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
2025-жылы Кыргызстанда 40 туристтик база ачуу пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев туризмди өнүктүрүү боюнча кеңешмеде билдирди. Иш-чарада туристтик инфраструктураны жакшыртуу, инвестициялык шарттарды түзүү жана жаңы маршруттарды өнүктүрүү маселелери талкууланды. Амангелдиев белгилегендей, туризм — экономикалык өсүштүн жана жаңы жумуш орундарын түзүүнүн маанилүү бөлүгү. Ал 2025-жылга карата өлкөдө 40 туристтик базаны ишке киргизүү пландалып жатканын айтты.“Жергиликтүү эл жана инвесторлор менен консультацияларды өткөрүү зарыл. Биз тейлөөнү жакшыртууга, уникалдуу маршруттарды өнүктүрүүгө жана саякаттын бардык этаптарында коопсуздукту камсыздоого тийишпиз", — деди Амангелдиев. Кеңешмеде "туристтик базалар" долбоорун ишке ашыруу үчүн жол картасы талкууланды. Ага ылайык, ар бир райондо бирден туристтик объект ачуу сунушталууда.
Бишкек мэриясынын муниципалдык инспекциясы коомдук транспорттордо рейд жүргүзүп, жүргүнчүлөрдүн жол кирени төлөгөн-төлөбөгөндүгүн аныктоодо. Кызматкерлер жүргүнчүлөрдүн көбү жол кире акысын накталай беришкени менен талон албай коерун айтышкан. Ошондой эле накталай эмес төлөгөндөрдүн чектерин текшеришкен. Кызматкерлер жүргүнчүлөргө билеттин жоктугу төлөмдүн аткарылбагандыгын билдириши мүмкүн экенин, Укук бузуулар кодекси боюнча 1000 сом айып пул салынарын эскертишкен. Кандайдыр бир себептер менен жол кире бербегендер да ушул суммада айыпка жыгылмакчы.
Талас районунда 76 млн сомго бааланган нефти базасы 3 гектар жер тилкеси менен мамлекеттик менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Талас райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн тергөөгө чейинки текшерүүдө Талас районунун Беш-Таш айыл аймагындагы Присельный участогунда жайгашкан нефти базасы жана ага тиешелүү 3 гектар өнөр жай багытындагы жер тилкеси мыйзамсыз жеке жактарга берилип кеткендиги аныкталган. Бул объект мурда "Кыргызгазмунайзат" мамлекеттик акционердик компаниясы тарабынан колдонулуп келген. Текшерүүнүн жыйынтыгында Беш-Таш айыл өкмөтүнүн башчысына прокурордук акт келтирилип, нефти базасы жана жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.
2024-жылдын күз айларынан бери Украинанын Куралдуу күчтөрүндө аскер бөлүктөн качып кеткендер жана андан уруксатсыз кетип калгандар көбөйдү. Бул тууралуу РИА Новости Украинанын басылмасына таянып жазды. Маалыматта буга чейин Владимир Зеленский аскерден качкандардын саны 2024-жылдын күз мезгилинен бери азайганын айтканы белгиленген. "Зеленскийдин айтканындай эмес, тескерисинче, Украинанын Куралдуу күчтөрүндө аскер бөлүктү уруксатсыз таштап кеткендердин саны көбөйдү", — деп жазылат басылманын Telegram каналында. Украиналык журналисттердин маалыматы боюнча дагы дезертирлердин саны көбөйүүдө. 2024-жылдын жай айларында Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн катарынан айына 6000ден 7000ге чейин аскер кетип жаткан болсо, сентябрда анын саны 8000ге, ноябрда дээрлик 10 миңге жеткен. Ал эми декабрда аскер бөлүктү таштап кеткендердин саны өтө көп болуп, 17 500дү көрсөткөн.