БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кыргызстандын мыкты футболчусу Жоэл Кожо Ирандын "Эстегляль" клубуна өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган команда Ирандын жогорку дивизионунда 8-орунда турат.
"Кыргызстандын улуттук курама командасынын чабуулчусу 11 номерди тандап, 2+1 форматы менен келишим түзгөн. Башкача айтканда, эки жылдан кийин келишим дагы бир жылга узартылышы мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Кожо Өзбекстандын "Динамо Самарканд" клубунда 24 оюн өткөрүп, сегиз гол киргизген.
Жылдын жыйынтыгы менен Football Awards иш чарасында Жоэль Кожо Кыргызстандын мыкты футболчусу деп табылган.