БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. 2024-жылы 1223 этникалык кыргыз кайрылман макамын алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Россия, Түркия, Афганстан жана башка өлкөлөрдөн келген.
“Кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздар жөлөкпулдарды жана пенсияларды алууга, саламаттыкты сактоо, билим берүү кызматтарын алууга, ишке орношууга укуктуу, ошондой эле Кыргызстандын жарандары менен бирдей негизде Жер кодексине ылайык, айыл чарба жерлерин кыска мөөнөттүү пайдаланууга ала алышат”, — деп жазылган маалыматта.
Эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстанга 70 миңден ашуун этникалык кыргыз келип, 65 миңи жарандык алган.