Футболчу Гүлжигит Алыкулов карьерасын Россияда улантат

Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кыргызстан курама командасынын жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов Москванын “Торпедо” клубу менен 2027-жылга чейин келишим түзгөн. Бул тууралуу аталган клубдун сайтында кабарланган.
Алыкулов буга чейин Беларустун “Неман” клубунда ойноп, 30 беттеште сегиз гол киргизип, үч ассист жасаган. Команда менен лиганын күмүш медалын жана өлкө кубогун жеңген.
Кыргызстандын 24 жаштагы жарым коргоочусу улуттук кураманын катарында 40 оюн өткөрүп, беш гол киргизген.
Transfermarkt немец порталы 2022-жылы вингердин баасын 1 миллион еврого баалаган.
Быйыл Кыргызстандын футбол боюнча курама командасын маанилүү оюндар күтүп турат