Быйыл Кыргызстанда 40 туристтик база ачуу пландалууда

Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. 2025-жылы Кыргызстанда 40 туристтик база ачуу пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев туризмди өнүктүрүү боюнча кеңешмеде билдирди.
Иш-чарада туристтик инфраструктураны жакшыртуу, инвестициялык шарттарды түзүү жана жаңы маршруттарды өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Амангелдиев белгилегендей, туризм — экономикалык өсүштүн жана жаңы жумуш орундарын түзүүнүн маанилүү бөлүгү. Ал 2025-жылга карата өлкөдө 40 туристтик базаны ишке киргизүү пландалып жатканын айтты.
База ачуу үчүн 156 локация сунушталган:
Баткен облусу — 7;
Жалал-Абад облусу — 29;
Ысык-Көл облусу — 40;
Нарын облусу — 34;
Ош облусу — 23;
Талас облусу — 10;
Чүй облусу — 13.
“Жергиликтүү эл жана инвесторлор менен консультацияларды өткөрүү зарыл. Биз тейлөөнү жакшыртууга, уникалдуу маршруттарды өнүктүрүүгө жана саякаттын бардык этаптарында коопсуздукту камсыздоого тийишпиз", — деди Амангелдиев.
Кеңешмеде "туристтик базалар" долбоорун ишке ашыруу үчүн жол картасы талкууланды. Ага ылайык, ар бир райондо бирден туристтик объект ачуу сунушталууда.
Бишкекте ГЭС-5ке чейинки жол кеңейтилип, реконструкцияланат