Чыңгыз Айтматов адабиятка сын жанрында келген. Анын алгачкы гезит бетине жарыяланган олуттуу макаласы "Оригиналынан алыс турган котормолор" деп аталып, Н.А.Некрасовдун ырларынын кыргызча котормолорун сындаган. Бул тууралуу Аскар Медетов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Чыңгыз Айтматовдун жазуу стилин түшүнбөй, жалпы адабиятчылар сынга алып турганда, сынчы, адабият таануучу Кеңешбек Асаналиев аны жактап чыккан.
"Айтматов кыргыз адабиятына сын менен келген. Ал Некрасовдун ырларынын кыргызчага которулушундагы мүчүлүштүктөрдү таап чыгып, сын жазган. Көп өтпөй өзүнүн калемине таандык "Гезитчи Дзюйо", "Кайракта", "Ашым", "Сыпайчы" деген алгачкы аңгемелери жарык көргөн. Андан кийин Айтматов "Асма көпүрө", "Түнкү сугат" деген аңгемелерин жазып, кадимкидей калеми төшөлүп калган жазуучу экенин көрсөткөн. Бирок ошентсе да жалпы кыргыз калемгерлерине анын жазуу стили, тили өөн учураган. Автордун аталган чыгармалары кызуу талкуу жаратып, дээрлик терс пикирлерди алып келген. Кезектеги кыргыз жазуучуларынын пленумунда адабият таануучу, сынчы Кеңешбек Асаналиев жалпы пикирлерден жалтанбай, Айтматовдун аңгемелерин жактап чыккан. Ал автор адамдын табиятын изилдей билген, жандуу каармандарды жараткан жазуучу экенин айтып, жыйналыш катышуучуларынын оюн башка нукка бура алган. Бул Айтматовго шык берип, ал Москвадагы эки жылдык курска тапшырган жана "менин жаңы деңгээлге көтөрүлүп, бул багытта билим алышыма Асаналиевдин пикири чоң таасир берди" деп көп эскерген", — деди Медетов.
Ал кыргыз адабиятында Асаналиевдин пикиринен соң Айтматовдун чыгармачылыгын жактагандар көбөйгөнүн кошумчалады.