Бишкекте ГЭС-5ке чейинки жол кеңейтилип, реконструкцияланат

Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Бишкекте ГЭС-5ке чейинки жол реконструкцияланат. Бул боюнча Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жол чарба департаменти тендер жарыялады.
Маалыматка ылайык, долбоордун баасы 574 миллион 440 миң сомду түзөт.
Сунуштар 23-январга чейин кабыл алынып, келишим түзүлгөндөн кийин 18 айда жол салынып бүтүшү керек.
Буга чейин президент Садыр Жапаров ГЭС-5ке баруучу жол төрт тилкелүү болуп кеңейтилерин билдирген.
"Аламүдүн" базарынын айланасында унаа кыймылынын схемасы өзгөртүлөт