Сталинград кармашындагы "Кольцо" операциясынын тарыхы. 82 жыл мурдагы видео

1943-жылдын 10-январында Улуу Ата Мекендик согуштагы Сталинград кармашынын соңку бөлүгү — "Кольцо" операциясы башталган. Бул немецтердин Волгадагы ийгиликсиз жортуулунун башталышы болду.
Sputnik
Кандуу салгылаштан 21 күн өткөндөн кийин, тагыраагы, 31-январда 6-армиянын башчысы, генерал-фельдмаршал Фридрих Паулюс колго түшүп берген. 2-февралда каршылаштын калган бөлүгү багынган. Бул согушта немецтер 140 миңге чукул адамынан ажырап, 90 миңден ашууну туткундалган.
Бүгүн Федеративдүү Германия Республикасы немецтер жаракат алган майдандаштарын тебелеп өтүп, Сталинграддын алдындагы кармашта качкандыгын эске алгысы жок.