Кремль Трамптын Путин менен жолугам деген планына комментарий берди

Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Москва АКШнын жаңы шайлаган президенти Дональд Трамптын Россия лидери Владимир Путин менен жолугам дегенин колдойт, бирок азырынча диалог боюнча конкреттүү пландар жок. Бул туурасында РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун айтканын РИА Новости жазды.
Трамп бүгүн россиялык лидердин жолугууга ниети бардыгын, тараптар аны уюштуруу боюнча даярдык көрүп жаткандыгын айткан эле.
"Трамп мырза көйгөйдү сүйлөшүү жолу менен чечүүгө өзүнүн даяр экендигин билдиргенин көрүп турабыз, биз муну колдойбуз. Учурда мурдагыдай эле конкреттүүлүк жок", — деген Песков журналисттерге.
Анткен менен Россия президенти декабрдагы жылды жыйынтыктаган маалымат жыйында Трамп менен жолугуп сүйлөшүүгө даярдыгын, эгерде экөө кездешсе сүйлөшө турган сөз бар экенин айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп Путин менен сүйлөшүүлөрдү жарым жылга жеткирбей өткөрүүгө үмүттөнүүдө