Оштон Караколго Asman Airlines учагы каттай баштады

Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Ош шаарынан Ысык-Көлдүн Каракол калаасына Asman Airlines учагы каттай баштады. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту билдирди.
Аталган каттам жумасына эки жолу — бейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылмакчы. Билет баасы 4 100 сомдон башталары айтылды.
1 / 5

Ош шаарынан Ысык-Көлдүн Каракол калаасына Asman Airlines учагы каттай баштады

2 / 5

Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту билдирди

3 / 5

Аталган каттам жумасына эки жолу — бейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылмакчы

4 / 5

Билет баасы 4 100 сомдон башталары айтылды

5 / 5

Январдын аягында Бишкектен Кербенге жаңы каттам ачылары күтүлүүдө

Asman Airlines компаниясынын башка дагы каттамдары:
Бишкек – Талас (жумасына 1 жолу);
Бишкек – Ош (күндө);
Бишкек – Жалал-Абад (жумасына 5 жолу);
Бишкек – Баткен (жумасына 3 жолу);
Бишкек – Раззаков (жумасына 3 жолу);
Бишкек – Каракол (жумасына 2 жолу).
Январдын аягында Бишкектен Кербенге жаңы каттам ачылары күтүлүүдө.
Эми Таиландда эс алам дегендер Бишкектен түз учуп бара алат