Радио

Абдыжалиев: мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын кирешеси 4 эсе өстү

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму ААКнын төрагасынын орун басары Бактыгул Абдыжалиев өлкөдө мүлктү камсыздандыруу жаатында бир катар жакшы иштер аткарылып, алга жылуулар бар экенин айтты.
Sputnik
Буга чейин Кыргызстанда турак жайды камсыздандыруу 10 пайыздын тегерегинде болсо, азыр 19-20 пайыз болуп калды. Бул тууралуу Бактыгул Абдыжалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, турак жай фондунда бир миллион 200 миң үй катталса, анын 230 миңи камсыздандырылган.
"Учурда кыргызстандыктар турак жайды камсыздандыруунун жана ОСАГОнун маанисин жакшы түшүнүп калышты. Өздөрү чалып сурап, кызыгышат. Мурда салыктын түрү катары кабылдап, туура эмес түшүнүшчү. Бул — мамлекеттен элге берилген мүмкүнчүлүк. Аймактарда биздин кошумча филиалдарыбыз бар. Өкмөт тарабынан ар кандай механизмдер берилген, анын аткарылышында да жылыштар болууда. ОСАГО боюнча да камсыздандырылган машиналардын саны өстү. Учурда 60 миңге жакын унаа камсыздандырылды. Жеке камсыздандыруу компаниялары да өнөктөш катары биз менен тыгыз иштешип жатат. Бирок жоопкерчилик биздин мойнубузда. Бул үчүн президент менен министрлер кабинети жардам берип, уставдык капиталыбызды кеңейтип берди. Кыргызстанда жалпы 15 компания болсо, жалгыз биз 100 пайыз мамлекеттик болуп эсептелебиз. Акыркы жарым жылдын ичинде эң күчтүү компания болууга жетиштик. Былтыр 11-орунда турсак, быйыл 1-орунга чыктык. Уставдык капиталыбыз бир миллиард сомдон ашып кетти. Кирешени 4 эсе көбөйтө алдык. Финансы көзөмөл агенттигинин бардык көрсөткүчү боюнча биринчи орунга чыктык", — деди Абдыжалиев.
Ал мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы башка жеке менчик компаниялар менен конструктивдүү диалог түзүп, жакшы иштешип жатканын кошумчалады.