БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Эгерде жаран ипотеканын акчасын үч ай бою төлөбөсө аны менен түзүлгөн келишим жокко чыгарылат. Бул тууралуу "Мамлекеттик ипотека компаниясы" ААКнын башкаруучулугунун төрагасынын орун басары Нурадил Баясов Sputnik агенттигиндеги брифингде билдирди.
"Мамлекеттик ипотека компаниясы" ААКнын башкаруучулугунун төрагасынын орун басары Нурадил Баясов
Анын айтымында, батир кезекте турган кийинки адамга берилет.
"90 күндүн ичинде биз кардар менен иштешип, түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Анын жыйынтыгы боюнча үйдү алуу чечими чыгарылат. Кийинки кезекте турган адам МИКтин электрондук порталы аркылуу аныкталат", — деди Баясов.