БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Кыргызстанда мектептердин кышкы каникулун узартууга негиз жок. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди.
Ведомство каникулду узартуу жөнүндөгү чечим өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин так анализинин жана корутундусунун негизинде гана кабыл алынарын белгиледи.
2024-2025-окуу жылындагы кышкы каникул эки аптага созулат. Үчүнчү чейрек 13-январда башталат.
Эске салсак, өлкөдө КРВИ жана сасык тумоо менен ооругандар көп катталгандыктан, соцтармактагылар каникулду узартуу керектигин жазып чыгышкан. Эпидемиологиялык кырдаал боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жетектөөсү менен кеңешме дагы өткөрүлгөн. Анда өлкөдөгү абал тууруктуу деп бааланып, Саламаттык сактоо министрлигине жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарга инфекциялардын жайылышын алдын алуу боюнча чараларды күчөтүү тапшырылган.