Пресс-борбор

МИК: кыргызстандыктар кылмышкерлерден конфискацияланган батирлерди ала алат

Турак жай. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Кыргызстандыктар соттолгон адамдардын конфискацияланган батирлерин сатып ала алышат. Бул тууралуу "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКнын башкаруучулугунун төрагасынын орун басары Нурадил Баясов Sputnik агенттигиндеги брифингде билдирди.
Брифинг На каких условиях будут выдаваться квартиры по госипотеке в 2025-м
"Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКнын башкаруучулугунун төрагасынын орун басары Нурадил Баясов
Анын айтымында, январь айында 80 батирди ээсине тапшыруу пландалууда.
Мындай кыймылсыз мүлктү алуу жолдору:
батирди узак мөөнөттүү ижарага алуу программасынын алкагында;
алуучу 19 жаштан өйдө курактагы Кыргызстандын жараны болушу керек;
соңку үч жыл ичинде кыймылсыз мүлкү жана ага байланыштуу келишимдери болбошу керек;
алгачкы төлөм катары батирдин 50 пайызы төлөнөт;
баасы льготалык же социалдык ипотека менен берилген батирлерден жогору болот.
Бишкек шаарында ГИК тарабынан курулган жаңы турак-жайлар
Жапаров: ипотекага батирди алыңарга жараша алгыла, кийин кеңейтип алсаңар болот