БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 10-11-январда Казакстанга барат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, Кулубаевди Казакстандын премьер-министринин орун басары — ТИМ башчысы Мурат Нуртлеу чакырган.
"Сапардын алкагында Кыргызстан менен Казакстандын тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилеринин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, анда кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүгү менен союздаштыгынын актуалдуу маселелери талкууланат", — деп айтылат маалыматта.