Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаевди кабыл алды

Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Бүгүн, 10-январда, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевди кабыл алганын министрликтен кабарлашты.
Маалыматта Токаев кыргыз-казак мамилесинин, стратегиялык өнөктөштүктүн өнүгүшүнө токтолгону айтылат.
Кулубаев өз кезегинде казак тарапка Актаудагы авиакырсыкта кыргызстандыктарга көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазылыгын билдирген.
ТИМ башчысы коңшу өлкөгө расмий сапары менен бүгүн барды. Аны Казакстандын премьер-министринин орун басары — ТИМ башчысы Мурат Нуртлеу чакырган.
Сапардын алкагында Кыргызстан менен Казакстандын тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилеринин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, анда кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүгү менен союздаштыгынын актуалдуу маселелери талкууланары айтылган.
Актауда учак кырсыгынан жабыркаган эки кыргызстандык ооруканадан чыгарылды