Күйүүчү май бир айдын ичинде орточо 5-6 сомго арзандаганы айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Күйүүчү май бир айдын ичинде орточо 5-6 сомго арзандады. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Канатбек Эшатов билдирди.
Анын айтымында, бензин 10-декабрда 3 сомго, кечээ дагы 3 сомго чейин төмөндөгөн.
"Мындай арзандатуу калган күйүүчү майды сатып түгөтүү максатында киргизилген. Көпчүлүк колдонгон АИ 92 бензини ар кайсы компанияда ар кандай сатылып жатат, өлкөдө орто эсеп менен 62 сом болууда", — деди ал.
Эшатов бензиндин баасы Россиядан көз каранды экенин, ал жак бааны көтөрсө кайра бизде да жогорулай турганын кошумчалады.
Президент транспорт салыгын жоюп, аны төлөй электердин карызын кечти