ИИМ: энесин өлтүргөн адамга Таласта жасалма паспорт берилген

Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Киши өлтүргөн адамга жасалма паспорт берилип, ал Россияга барып дагы бир адамды өлтүргөн. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, кылмышка Талас облусундагы райондордун биринин паспорт, виза жана каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери шектелүүдө.
"2008-жылы Жайыл районунда 46 жаштагы аял 1985-жылкы уулу тарабынан өлтүрүлүп, шектүү дайынсыз болгон. Арадан 16 жыл өткөндөн кийин, 2012-жылы, жасалма паспорт алып жашырынып жүргөнү аныкталган. Иликтөөнүн учурунда ал 2022-жылы Россияда 27 жаштагы кызды сабап өлтүрүп, кесилип кеткени аныкталган. Ага чейин Кыргызстанга келип паспортунун мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу алмаштырып кеткен", — деп жазылган маалыматта.
Учурда аталган бөлүмдүн кызматкерлери суралып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.
Бишкекте эркек киши аялына 20 ирет бычак сайып, өлтүргөн