ИИМдин тергөөчүсү менен министрдин орун басарынын айдоочусу УКМКга сурак берди

Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. ИИМдин тергөөчүсү жана министрдин орун басары Эркебек Ашихожаевдин айдоочусу УКМКга сурак берди. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.
Буга чейин айрым ЖМКлар алар пара талап кылууга айыпталып жатканын кабарлашкан.
"Иш жүзүндө баары башкача. Аларды УКМКга күбө катары чакырып, сурактан кийин кое берген", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик такталган гана маалыматты таратуу зарылдыгын кошумчалаган.
Чүй облусунда эркек киши мурда окуган мектебин өрттөөгө аракет кылган