БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Мамлекеттик ипотекалык насыя берүүдө жарандардын кирешеси каралат. Бул тууралуу "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКнын башкаруучулугунун төрагасынын орун басары Нурадил Баясов билдирди.
"Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКнын башкаруучулугунун төрагасынын орун басары Нурадил Баясов
Өлкө жараны төмөнкү учурларда МИКтен батир ала албайт:
жашы 19га жетпесе;
соңку үч жыл ичинде кыймылсыз мүлк боюнча келишимдер түзүлсө;
жаран чет өлкөгө көчүп кетсе;
үйү бар болсо;
жаран үйлөнүп же турмушка чыкканда жубайынын үйү болсо;
туруктуу кирешеси болбосо;
батир берүү учурунда жаран иштен кетип, 12 айдын ичинде туруктуу киреше көрбөсө.
Баясовдун айтымында, жаранга ипотекалык насыя берилип жатканда анын кирешеси боюнча маалыматтар дагы бир ирет текшерилет.