Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Мамлекеттик ипотеканы кимдер ала албастыгын МИКтин өкүлү билдирдиКремль Трамптын Путин менен жолугам деген планына комментарий бердиКыргызстанда курч вирустук гепатит менен ооругандардын саны 2,6 эсеге өстүАлдыда кененирээкМамлекеттик ипотекалык насыя берүүдө жарандардын кирешеси каралат. Бул тууралуу "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКнын башкаруучулугунун төрагасынын орун басары Нурадил Баясов билдирди. Өлкө жараны төмөнкү учурларда МИКтен батир ала албайт: жашы 19га жетпесе; соңку үч жыл ичинде кыймылсыз мүлк боюнча келишимдер түзүлсө; жаран чет өлкөгө көчүп кетсе; үйү бар болсо; жаран үйлөнүп же турмушка чыкканда жубайынын үйү болсо; туруктуу кирешеси болбосо; батир берүү учурунда жаран иштен кетип, 12 айдын ичинде туруктуу киреше көрбөсө. Баясовдун айтымында, жаранга ипотекалык насыя берилип жатканда анын кирешеси боюнча маалыматтар дагы бир ирет текшерилет.
Кыргызстанда курч вирустук гепатит менен ооругандардын саны 2,6 эсеге өстү. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти 2024-жылдын 11 айынын жыйынтыгы менен билдирди. Белгиленгендей, өсүү вирустук гепатит А оорусунун көбөйүшүнө байланыштуу. Көрсөтүлгөн мезгилде 17 миң 902 учур катталган. 2023-жылы ушул эле мезгилде 6 637 учур катталган. Эң көп оору Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында аныкталган. Жаңыдан аныкталган өнөкөт вирустук гепатит менен ооругандардын саны 14,7 пайызга өскөн. Өткөн жылы 9823 учур катталган (2023-жылы — 8416). Эң көп оору Баткен, Нарын, Ош жана Чүй облустарында катталган. Вирустук гепатит — гепатиттин вирустарынан келип чыккан курч жана өнөкөт вирустук боор ооруларынын тобу. Бул вирустар боордун сезгенүүсүн шарттайт, анын натыйжасы же толук айыгып кетүү же фиброз (цирроз), гепатоцеллюлярдык рак (боордун рагы) жана өлүмгө алып келиши мүмкүн.
Бишкекте ГЭС-5ке чейинки жол реконструкцияланат. Бул боюнча Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жол чарба департаменти тендер жарыялады. Маалыматка ылайык, долбоордун баасы 574 миллион 440 миң сомду түзөт.Сунуштар 23-январга чейин кабыл алынып, келишим түзүлгөндөн кийин 18 айда жол салынып бүтүшү керек. Буга чейин президент Садыр Жапаров ГЭС-5ке баруучу жол төрт тилкелүү болуп кеңейтилерин билдирген.
Москва АКШнын жаңы шайлаган президенти Дональд Трамптын Россия лидери Владимир Путин менен жолугам дегенин колдойт, бирок азырынча диалог боюнча конкреттүү пландар жок. Бул туурасында РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун айтканын РИА Новости жазды. Трамп бүгүн россиялык лидердин жолугууга ниети бардыгын, тараптар аны уюштуруу боюнча даярдык көрүп жаткандыгын айткан эле. "Трамп мырза көйгөйдү сүйлөшүү жолу менен чечүүгө өзүнүн даяр экендигин билдиргенин көрүп турабыз, биз муну колдойбуз. Учурда мурдагыдай эле конкреттүүлүк жок", — деген Песков журналисттерге. Анткен менен Россия президенти декабрдагы жылды жыйынтыктаган маалымат жыйында Трамп менен жолугуп сүйлөшүүгө даярдыгын, эгерде экөө кездешсе сүйлөшө турган сөз бар экенин айткан.