Жаңы билим берүү мыйзамына ылайык ЖОЖдордо айрым маселелер өзгөртүлүүдө

Sputnik
Учурда жогорку окуу жайларында кышкы кабыл алуунун экинчи этабы жүрүүдө. 2023-жылдын август айында кабыл алынган билим берүү мыйзамынын жаңы редакциясына ылайык, 2024-жылы башталгыч, орто жана жогорку билим берүүнү бир алкакта айкалыштыруу үчүн жаңы макет кабыл алынганын Айнура Асан кызы билдирди. Кышкы кабыл алууда бюджеттик орундар жок. Меймандарга быйылкы кышкы кабыл алуу кндай өттү, кышкы кабыл алууда кимдер тапшыра алат, ЖРТ маселеси кандай каралат, аймактагы ЖОЖдор кандай иштейт, кышында кабыл алынган студенттер кандай программанын негизинде окушат, айырмасы эмнеде окуу программасынын, чет элдик студенттер келеби, контрагында айырма барбы, бюджеттик орундар калабы бул багытта, жылына эки ирет кабыл алуу жөрөлгөсү эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү максатында иштелип чыкты беле, негизи максаты эмне өңдүү суроолор берилет.