2024-жылы маданият жаатындагы каржылоо 8 млрд 161 млн сомго жетти

Sputnik
2024-жыл маданият жаатында үзүрлүү жылдардан болду. Быйыл каржылоо 8 миллиард 161 миллион сомго жетти. Эски маданият имараттары оңдоодон өтүп, спортчулар олимпиададан жемиштүү кайтышты жана республика боюнча камсыз кыла турган заманбап үн күчөткүч жабдуулары, лед-экрандар сатылып алынды. Министрлик 2025-жылы заман талабына ылайык маданий мекемелерди курууну максат кылууда. Долбоорлор иштелип чыгып, облустардын, райондордун, айылдардын башчыларына сунушталды.
Бул тууралуу министр Алтынбек Максүтов билдирди. Ал ошондой эле кийинки жылга маданият тармагын каржылоого 9 миллиард 201 миллион сом бекитилип жатканын айтты.