Улуттук банк насыялардын пайызын жөнгө салууну көздөөдө

Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Улуттук банк финансылык уюмдардын комиссия, тариф, пайыздык чендерин көзөмөлгө алууну сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Анда айрым учурда насыялардын пайызы 33-34 пайызга чейин жетип жатканы белгиленген.
"Банктык жана финансылык кызмат көрсөтүүлөр үчүн жогорку комиссиялар жарандарга жана бизнеске терс таасирин тийгизет. Бул финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн чектеп, экономикалык өнүгүүнү жайлатат. Жашыруун комиссиялар жана татаал тарифтер кардарлар үчүн түшүнүксүз. Жогорку тарифтер бизнес чыгымдарын көбөйтүп, товарлардын баасын жогорулатып, экономикага тобокелдиктерди жаратат", — деп жазылган долбоордун негиздемесинде.
Ушуга байланыштуу Улуттук банкка банктар жана башка финансы уюмдарына комиссиялык сый акыларды, тарифтерди жана пайыздык чендерди жөнгө салууга, чектөөлөрдү жана тыюу салууларды киргизүүгө укук берүү каралган.
Мындан тышкары, мыйзам долбоору боюнча банктарга алдамчылыкка каршы чараларды көрүү системасынын (антифрод системасы) болушун жана натыйжалуу иштешин камсыз кылуу милдети жүктөлмөкчү.
Былтыр Улуттук банктын алтын куймаларынан канча киреше табууга болмок. Саресеп