Үч курулуш компаниясына Ысык-Көлдүн Тамчысынан 34,2 га жер ижарага берилди

Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Тамчы айылындагы 34,2 гектар жер үч курулуш компаниясына ижарага берилди. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
"Президенттин иш башкармалыгына Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр, Тамчы айыл аймактарында жайгашкан өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактар категориясындагы 34,2 гектар жерди туристтик жана маданий маанидеги объектилерди куруу үчүн 1 миллиард сомдон ашык инвестиция тартуу шарты менен 49 жылдык мөөнөткө ижарага берилсин", — деп жазылган документте.
Жер тилкелери төмөнкү компанияларга берилет:
"Авангард Стиль" курулуш компаниясы – 14,21 гектар;
"Елизавета" курулуш компаниясы – 10 гектар;
"КыргызИнвестСтрой" курулуш компаниясы – 10 гектар.
Токтомго ылайык, президенттин иш башкармалыгы ижара келишимин түзүп, ал эми компаниялар курулуш иштерин 2028-жылдын 1-январына чейин бүтүрүүгө милдеттендирилди.
Айрым ЖМКлар кеп беш жылдыздуу "Хан-Теңири" мейманканасынын курулушу тууралуу болуп жатканын жазышууда. Буга чейин президент Садыр Жапаров "Тамчы" аэропортунун тушуна 5 жылдыздуу отель салынып жатканын айтып, Бишкектин экс-мэри Азиз Суракматов ("Елизавета" курулуш компаниясы Суракматовдун жакындарыныкы) жер сураганын, берүүгө даяр жер бар экенин айткан.
Камчыбек Ташиев Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманкананын курулушуна капсула салды