Токмокто үч жашар кызы менен турган аялды тебелеп кеткен айдоочу кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Токмокто үч жашар кызы менен турган аялды тебелеп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 8-январда, Volkswagen Polo унаасынын 60 жаштагы айдоочусу транспортту башкара албай калып, өтмөктө турган эне-баланы коюп кеткен.
Тилекке каршы, бөбөк чарчап калган. Милиция унаанын арткы дөңгөлөктөрү жайкы экенин айтты. Айдоочуга карата "Жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин жана автотранспортту эксплуатациялоону бузуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу жайга киргизилип, экспертизалар дайындалды.
Лейлекте оор жүк ташуучу унаанын дөңгөлөгү жарылып, айдоочусу каза болду