Бишкек прокурорунун мурдагы орун басарына 1,8 млн. сом айып салынды

Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Вице-мэр Рамиз Алиевден 5 миң доллар опузалаган Бишкектин прокурорунун мурдагы орун басарына 1,8 миллион сом айып салынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Буга чейин прокурордун орун басары Эдилбек Ыдырыс уулу, шаардык прокуратуранын бөлүм башчысынын орун басары жана Аскер лицейинин юристи вице-мэр Рамиз Алиевден ("Тазалыктын" мурдагы жетекчиси) опузалап 5 миң доллар пара талап кылган деп шектелген.
Бишкек электр тармактар ишканасынын кызматкери миллион сом пара менен кармалды