КРСУнун мектебинде окуу быйылкы жылдан тарта акысыз болот

Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Кыргыз-Россия Славян университетинин мектебинде жаңы окуу жылынан тарта билим берүү акысыз болот. Бул тууралуу университеттин маалымат кызматы билдирди.
Демилге Россиянын Билим берүү жана илим министрлигине таандык.
"Жаңычылдык мектеп окуучулары үчүн сапаттуу билимди жеткиликтүү кылууга жана алардын үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүүгө багытталган. КРСУнун мектеби орто билим берүүнүн жогорку деңгээлин камсыз кылат, муну бүтүрүүчүлөрдүн жетишкендиктери тастыктоодо. 2024-жылы мектеп бүтүрүүчүсү Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча эң жогорку упайга ээ болгон. Бул — окуучулардын даярдыгынын сапатынын далили", — дешти университеттен.
Окуу акысын буга чейин төлөп койгон ата-энелер үчүн кайра эсептөө каралган. КРСУ мектебинде окуунун баасы 40 миң сомдун тегерегинде болчу.
Балдарды мектепке, бала бакчага негизсиз албай койгондорду жазалоо сунушталды