БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байден Калифорния штатында күчөп жаткан өрттүн кесепетин жоюу үчүн жергиликтүү бийликке жардам берүү максатында кырсыкка каршы күрөшүү режимин жарыялады. Бул тууралуу Ак үйдүн маалыматына таянуу менен РИА Новости жазды.
Мындай чечим Лос-Анжелес округунун жашоочуларына федералдык жардам берүүгө жол ачат.
"Элге убактылуу баш паанек табуу, үйлөрдү оңдоп-түзөө үчүн гранттык каражаттар, материалдык зыяндын ордун толтуруу, ошондой эле чарбасы жана бизнесин калыбына келтирүү үчүн төмөн пайыз менен берилчү насыя жеткиликтүү болот", — деп айтылат администрациянын тараткан кабарында.
Федералдык жардам жергиликтүү бийликке да, авариялык жумуштарды жасай турган айрым коммерциялык эмес уюмдарга да жөнөтүлмөкчү. Мындан тышкары, акча кийин да бул жерде жаратылыш кырсыктарын алдын алуучу чараларга жумшалары айтылды.
Ак үй өрт кырсыгынан Калифорниянын тарткан чыгымы эсептелип жатканын, жардам башка райондорго да жөнөтүлүшү мүмкүн экенин кошумчалаган.
Ушу тапта Калифорниянын төрт жеринде өрт күчөп кеткен, мындан беш кишинин өмүрү кыйылды, жабыркагандар да бар. Шаршемби күнү Өрт өчүрүү кызматы каргаша Лос-Анжелестин батышынан башталганын, аны шамал күчөтүп жатканын билдирген. Апааттан Палисейдс району өзгөчө жапа чекти, миңдеген курулуш жок болуп, эки миң гектардай жерди камтыды. Өрттү азырынча чектөөгө мүмкүн болбой келет. Алдын ала маалымат боюнча, жаратылыш кырсыгы келтирген зыяндын көлөмү учурда 50 миллиард доллардан ашып кетти.