РКӨФ Оштогу логистикалык борбордун курулушуна 3,5 млн. доллар бөлөт

Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду заманбап транспорттук-логистикалык борбордун курулушуна 3,5 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу фонддон билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган борбор 17 гектарды ээлеп, Эркеч-Там — Ош — Өзбекстан жолунда жайгашкан.
Наркы 12 миллион долларды түзгөн объект Борбор Азияда негизги траснпорттук хаб болуп калмакчы. Бул жерде Кытайдан келген жүктөр жөндөлүп, башка өлкөлөргө, анын ичинде Россияга жөнөтүлөт.
"Борбор Эркеч-Тамдагы транспорттук-логистикалык агымдарды тартипке келтирип эле тим болбостон, "Достук" бажы пунктунун ишин жеңилдетүүгө шарт түзөт", — деди РКӨФтүн төрагасы Артем Новиков.
Ошондой эле борбор күнүнө 500-700 жүк ташуучу унааны тейлеп, 100дөн ашык жумуш ордун түзөрү белгиленди. Мындан тышкары, борбордун ишинен түшкөн кирешенин 30 пайызы Кыргызстандын бюджетине түшө турганы кошумчаланды.
Бишкекте Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун 10 жылдыгы белгиленди. Видео