Бишкекте батирден 2,5 млн. сом уурдалып, шектүү кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Бишкекте батирден ири суммадагы каражатты уурдоого шектелген киши кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, 2-январда милицияга аял киши кайрылып, ошол эле күнү саат 18:00дөн 21:00гө чейинки убакыт аралыгында анын батиринен эки миллион сом жана 500 миң сомдук алтын зер буюмдары жоголгонун айтып арызданган.
Кылмыш иши козголуп, 33 жаштагы Т.М. колго түшкөн. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Бишкектеги батирден 130 миң доллар уурдалды. Акчанын теңи шектүүдөн табылды